Пресс-борбор

Легендарлуу ГИТИСтин мугалимдери жаш актер, режиссерлорду окутууга келди

Мектепке Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын 19 театрынан 50 угуучу тандалып алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Бүгүн Кыргыз улуттук драма театрында Станиславский эл аралык мектеби ачылды. Беш күн бою Россиянын театр искусствосу институтунун (ГИТИС) мугалимдери жаш актерлорго жана театр режиссерлоруна мастер-класстарды өткөрөт.
Иш-чараны Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана ГИТИС КРдин Маданият министрлигинин колдоосу менен уюштурууда.
Россотрудничество өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу Альберт Зульхарнеев мектепке Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын 19 театрынан 50 угуучу тандалып алынганын билдирди. Окутуу 9-июлда Ысык-Көл облусунда башталат.
Ошондой эле жаш актерлер менен режиссерлор ГИТИСтен төрт айлык стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Табыштамаларды 11-июлга чейин жөнөтө алышат.
Театрдын музыкалык факультетинин деканы Тимофей Сополёв иш-чара катышуучуларга да, жеке өзүнө да пайдалуу болоруна ишеним артты.
Чолпон-Атада "Шериктештик балдары" аттуу эл аралык маданий форум өтүүдө