Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Бул мечитке келүү кооптуу! Донецкиден тартылган видео

"Ахат Жами" мечити Донецкидеги ок жааган райондо турат. Sputnik Кыргызстандын журналисттери окуя болгон жерде жүрүшөт.
Sputnik
Донецкидеги жалгыз мечитке сегиз жылдан бери эч ким каттабай калган. Ок жаап жаткан жерге өмүрүн тобокелге салып эч ким келбейт. Бул райондо аткылаган үндөрдүн токтоп калганы сейрек көрүнүш.
"Украина тараптан снаряддар бул жакка күн сайын келип түшөт. Аткылоолор биз видео тартып иштеп жатканда да уланды. Снаряд мечиттен 200 метр аралыкта жайгашкан көп кабаттуу үйгө түшүп, эки батир өрттөнгөн", — деген Sputnik Кыргызстандын баяндамачы редактору Таалайбек Ороскулов.
Мурда тынч күндөрү "Ахат Жами" мечитине 500гө чукул адам келип турган.