Кабинадагы киши ыргып кетти. Чолпон-Атанын жанындагы автокырсыктын видеосу

Айдоочулардын бири оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Чолпон-Атага кирип бара жаткан жолдо катуу автокырсык болду.
Эки автокөлүк кагышкан видео жарыяланды. Кадрдан жолтандабас келип сүзгөндө Daewoo Labo жүк ташуучу чакан автоунаанын ичиндеги кишинин ыргып кеткенин көрүүгө болот.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, кырсык Бишкектен Чолпон-Атага кирип бара жаткан жерде болгон.
Toyota 4runner жолтандабасын 27 жаштагы И. А., ал эми Daewoo Labo автоунаасын 42 жаштагы А. Б. айдап бара жатканы анык болду. Жүк ташуучу автокөлүктүн кабинадан ыргып кеткен айдоочусу учурда оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн айтышты.
Аламүдүндө Чу дарыясына автоунаа кулап, эки киши каза болду. Сүрөт