Издөө салабыз! Бишкекте 11 жаштагы бала жоголду. Сүрөтү, белгилери

Акыркы ирет өспүрүмдү "Аламүдүн" базарынан 1-июлда көрүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Бишкекте 11 жаштагы Кутман Тулемишовду издеп жатышат. Бул туурасында Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
1-июлда милицияга шаардын жашоочусу кайрылып, анын жоголуп жаткан тууганын табууга жардам сураган.
Бала "Аламүдүн" базарынын аймагынан жоголгон. Алдын ала берилген маалыматтарга караганда, саат 14:00 чамасында белгисиз тарапка кеткен.
Белгилери: бою 150-155 сантиметр, чымыр денелүү, чачы кара, кыска тегизделген, курсагында тырыгы бар. Кара футболка, боз чолок шым жана кара түстөгү илип алма бут кийимчен болгонун айтышты.
Милициядан баланы көргөн-билгендерди же кайда экенинен кабары болгондорду (0557) 11-94-10, (0701) 28-28-09, (0702) 49-88-88 же 102 номерине чалууну сурашты.
Ошто сууга чөккөн кыз-жигиттин сөөгү табылды. Окуянын чоо-жайы