Дем алышка чейин Ала-Арча улуттук паркына автоунаалар киргизилбейт. Себеби

Бул убакыт аралыгында жолду оңдоо иштери жүргүзүлмөкчү.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. 5-июлдан 8-июлга чейин Ала-Арча улуттук паркына автоунаалар киргизилбейт. Бул тууралуу аталган жайдан маалымдашты.
Билдирмеге караганда, бул убакыт аралыгында жолду оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, учурда парктын жолдору реконструкцияланып жатат. Мындан улам кээ бир күндөрү машиналардын киришине чектөө киргизилүүдө.
Радио
Жайлообаев: быйыл 114 чакырымдан ашык канал оңдолду