Жибек Молдоева Ок атуу спорту федерациясынын президенти болуп шайланды

Буга чейин федерацияны Саламат Эргешов жетектеп келген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Жибек Молдоева Кыргызстандын Ок атуу спорту федерациясынын президенти болуп шайланды. Бул туурасында аталган уюмдун маалымат кызматы кабарлады.
Кечээ, 2-июлда, Бишкекте федерациясынын отчеттук шайлоо конференциясы өткөн.
Бул орунга эки талапкер ат салышты. Алардин бири "Динамо" кыргыз дене тарбия спорту коомунун төрагасынын биринчи орун басары, милициянын отставкадагы полковниги Төрөкул Мадалиев болгон. Экинчи талапкер болуп Ок атуу спорту федерациясынын баш катчысы, спорт менеджементи боюнча адис Жибек Молдоева чыккан.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында Молдоева утуп чыккан. Ал эми Айзада Абдыкеримова биринчи вице-президент болуп шайланган.
Буга чейин федерацияны Саламат Эргешов жетектеп келген.
Кара-Көл шаарынын мэри алмашты