Радио

Шатманов: таксисттерге туристтерди маданияттуу тейлөөнү окуттук

Туризм департаментинин жетекчиси Самат Шатманов тейлөө сапатын жакшыртуу максатында такси жана башка тейлөө кызматтарында иштеген адистер үчүн окутуулар уюштурулуп жатканын айтты.
Sputnik
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги туристтерди тейлөөдө сапатты арттыруу максатында эки жылдан бери атайын окутуу курстарын уюштуруп келет. Анда негизинен маданияттуу тейлөө көрсөтүү боюнча этика сабактары окутулат. Бул тууралуу Самат Шатманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, окутуу эки айга созулуп, соңунда сертификаттар тапшырылат.
"Туристтерди маданияттуу тейлөө максатында былтыртан бери атайын окутуу курсун ачканбыз. Ага тейлөө кызматын көрсөткөн бизнес-өкүлдөр катыша алат. Былтыркысында такси кызматын аркалаган айдоочулардан баштаганбыз. Аэропорттон тарта фирмаларда иштеген, жекече кызмат көрсөткөн бир нече айдоочуга эки ай бою маданияттуу тейлөө үйрөтүлгөн. Соңунда сертификаттар тапшырылып, алар абдан ыраазы болуп кетишкен. Мына ушундай эле окутууга тейлөөнүн башка түрлөрүн көрсөткөн бизнес-өкүлдөр да катышкан. Окутуулар Талас, Нарын, Ош жана Жалал-Абад облустарында уюштурулган. Быйыл болсо Ош облусунда туристтердин коопсуздугун сактоо менен ат туризмине тартуу боюнча сабактар өтүлдү. Анда гиддер туристтерди атка туура мингизип, саякаттоосунун коопсуздугун камсыздоого үйрөнүштү", — деди Шатманов.
Ал учурда ар бир облуста туристтик компаниялардын бирикмелери түзүлгөнүн, окууга катышууну каалагандар алар аркылуу кайрылса болорун кошумчалады.