Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Киев Россиянын Белгород жана Курскидеги эл жашаган аймакка сокку урду

Россиянын Коргоо министрлиги бул шаарларда аскердик объектилер болбогонун белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Украина жекшембиге караган түнү Белгород жана Курск шаарларынын калк жашаган аймактарына сокку урду. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлиги билдиргенин РИА Новости жазды.
Мекеменин маалыматында Москва убактысы боюнча түнкү саат 03:00дөн 03:30дар чамасына чейин Украианын Куралдуу күчтөрү тарабынан "Точка-У" баллистикалык ракетасы жана Ту-143 "Рейс" учкучу жок аппарат менен калктуу конуштарга атайылап сокку урулган. Ал жактарда аскердик объектилер болгон эмес.
Ошондой эле Коргоо министрлиги Абадан коргонуу күчтөрүнүн каражаты Белгороддо учурулган үч ракетаны тең атып түшүргөнүн, бирок биринин сыныктары турак жайдын үстүнө түшкөнүн билдирди.
Аткылоодон үч киши көз жумган. Көп кабаттуу 11 үй, 40 жеке турак жай бузулганы айтылды.
Эске салсак, Россия Украинада атайын операциясын 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган. Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, орус армиясы Украинанын күжүрмөн потенциалын буга чейин эле бир топ кыскарткан. Атайын операциянын негизги максаты Донбассты бошотуу деп аталды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лисичанск шаары Россия менен ЛЭРдин көзөмөлүнө алынды