Өзбекстандагы абал. Жапаровдун маалымат катчысы билдирүүлөрдөн карманууга чакырды

Султанбав Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн өлкө катары башка мамлекеттин ички ишине кийлигишүүгө укугу жок экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев коңшу жана башка чет мамлекеттерде болуп жаткан окуяларга байланыштуу чагымчыл билдирүүлөрдү жасоодон карманууга чакырды.
"Коомдук ишмерлерди, жарандык активисттерди, блогерлерди жана башка активдүү турмуштук позициядагы адамдарды коңшу жана башка чет мамлекеттерде болуп жаткан окуяларга карата ар кандай чагымчыл билдирүүлөрдү жарыялоодон жана баа берүүдөн карманууга чакырабыз", — деп жазган ал социалдык тармактагы баракчасына.
Султанбаев Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн өлкө катары башка бир дагы чет мамлекеттин ички ишине кийлигишүүгө укугу жок экенин белгиледи.
"Чет мамлекеттерде болуп жаткан процесстердин баары алардын ички иши. Ошондуктан биз дагы бир жолу коңшулаш жана башка мамлекеттерде болуп жаткан окуяларга мамлекеттердин ортосундагы ынак коңшулаштыктын принциптерине каршы келген пикирлерди жана баалоолорду жарыялабоону өтүнөбүз", — деген өлкө башчынын маалымат кызматы.
Эске салсак, Өзбекстанда Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушуна байланыштуу Каракалпакстан автономиясында башаламандыктар болду. Мындан улам аймакка 2-августка чейин өзгөчө абал режими киргизилди.
Мирзиёев Конституциядагы Каракалпакстан жөнүндөгү беренени өзгөртпөөнү сунуштады