"Нарыным — алтын бешигим". Инсталляция коюлуп, желектер желбиреди. Сүрөт

Флагштокторго мамлекеттик туу, Манастын көк асабасы жана Нарын облусунун желеги илинген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Нарында алыстан көрүнө тургандай желектер илинип, инсталляция коюлду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
1 / 4

Нарында алыстан көрүнө тургандай желектер илинип, инсталляция коюлду

2 / 4

Нарын шаарынын түштүк тарабындагы тоонун этегине орнотулган флагштокторго мамлекеттик туу, Манастын көк асабасы жана Нарын облусунун желеги илинген

3 / 4

Инсталляцияда "Нарыным — алтын бешигим" деп жазылып турат.

4 / 4

Бул демилге Нарын облустук жаштар кеңеши менен Торугарт — Бишкек каттамы боюнча эмгектенген айдоочулар жамааты тарабынан ишке ашкан.

Нарын шаарынын түштүк тарабындагы тоонун этегине орнотулган флагштокторго мамлекеттик туу, Манастын көк асабасы жана Нарын облусунун желеги илинген. Инсталляцияда "Нарыным — алтын бешигим" деп жазылып турат.
Ачылыш аземге президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков, жергиликтүү активисттер жана шаар тургундары катышты. Ал маданий иш-чара менен коштолуп, манас айтылып, эстрада ырчылары өнөрүн тартуулаган.
Бул демилге Нарын облустук жаштар кеңеши менен Торугарт — Бишкек каттамы боюнча эмгектенген айдоочулар жамааты тарабынан ишке ашкан.
Нарын шаарындагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү тогуз бүлөнү үйлүү кылышты. Сүрөт