Муздак суу боюнча бишкектиктер кайда чалса болот. Күнү-түнү иштеген номерлер

Элдин кайрылган маселелерин чечип иштөө — "Бишкек суу каналдын" милдеттеринин маанилүү бөлүгүнүн бири.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Эгерде борбор калаанын жашоочуларынын муздак суу боюнча көйгөйү жаралса, "Бишкек суу канал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын 1533 номерине чалса болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан айтты.
1533 төрт санынан турган номер менен нөөмөттө турган диспетчердик кызмат — 0 (312) 56-03-20 күнү-түнү, тыныгуусуз иштеп, шаардыктардын суроо-талабын кабыл алат.
Элдин кайрылуусу менен иштөө "Бишкек суу каналдын" милдеттеринин маанилүү бөлүгүнүн бири. Мэриядан аталган ишкана эгерде суу агып же аны менен камсыздоодо көйгөй жаралса, дароо чечим кабыл алып, маселени жөндөп турарын айтты.
Бишкектин кээ бир жерлеринде беш, Жалал-Абадда эки күн газ болбойт