БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Беларустун президенти Александр Лукашенко дүйнөгө үстөмдүк кылуу үчүн кийинки кармаш Борбор Азияда боло турганын, анын белгилери азыртадан байкалып жатканын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Америкалыктар үстөмдүк кылгысы келет... Бир уюлдуу дүйнөнү каалап, баш көтөргөндөрдү бомбалап жатышат... Себеби — дүйнөдө жаңы мамилелер, көп уюлдуулук пайда болду. Бүгүнкү күндө күрөш биздин постсоветтик мейкиндик, анын ичинде европалык бөлүгү үчүн гана эмес, учурда биздин республикалар (мурдагы советтик – ред.) турган Борбор Азия үчүн жүрүп жатат", — деген Лукашенко өлкөнүн эгемендигине арналган салтанаттуу иш-чарада.
Ал быйыл жыл башында Казакстанда болгон массалык нааразылык акцияларынан кийин Өзбекстанда да дестабилизация коркунучу бар экенин эскерткенин белгиледи.
"Каракалпакстан Республикасы (автономдуу — ред.) эмне болуп жатат... Конституцияда бир нерсе көрсөтүлбөй калган, ошонун айынан болуп жатат дешти. Бирок ага чет элдиктердин тиешеси бар деп жатышат. Алар Казакстандан да кетпейт. Кыйын кырдаал жаралып калды", — деди Лукашенко.
Анын айтымында, Борбор Азия эки оттун ортосунда калды: бир жагынан европалыктар менен америкалыктар, экинчи жагынан Борбордук Азияга туруштук берүүгө чоң жардам берген Кытай турат. Лукашенко жакынкы убакта күрөш Борбор Азияда жүрөрүн, белгилери азыртадан байкала баштаганын белгилеп, дүйнөнү бөлүштүрүү аракети күчөй турганын кошумчалады.