БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Чүй облусу
3-4-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. 5-июлда күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 6-7-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтөт. 9-июлда айрым райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Талас облусу
Апта ичинде жер-жерлерде түнкүсүн жаан себелеп, бирок күндүз күн ачык болот. 5-июль күнү гана күндүз көпчүлүк аймактарда өтөт.
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары
Өлкөнүн түштүгүндө апта бою күн ачык болот. Айрым түндөрү гана жаан себелеши ыктымал.
Ысык-Көл, Нарын облустары
Көл өрөөнү менен Нарында 4-июлдан тарта 9-июлга чейин айрым райондордо өткүн өтөт.