Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Мамдума депутаты: Киевдин Курск менен Белгородду аткылаганы жоопсуз калбайт

Тергөө комитети Белгородду аткылоодон улам эки киши дайынсыз болуп жатканын маалымдады.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Украинанын Курск менен Белгородго жасаган чабуулу жоопсуз калбайт, кылмышы үчүн катуу жазаланат. Бул тууралуу Мамдуманын эл аралык иштер боюнча комитетинин башчысы Леонид Слуцкий Telegram каналына жазды.
РФ Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 3-июлга караган түнү украин армиясы "Точка-У" баллистикалык ракетасы жана Ту-143 "Рейс" учкучу жок аппарат менен калктуу конуштарга атайылап сокку урган. Абадан коргонуу күчтөрүнүн каражаты Белгороддо учурулган үч ракетаны тең атып түшүргөн, бирок биринин сыныктары турак жайдын үстүнө түшкөн. Аткылоодон үч киши көз жумган. Көп кабаттуу 21 үй, 40 жеке турак жайдын бузулганы айтылды.

"Жасаган кылмышы үчүн эртеби-кечпи, жооп берет. Жаза катуу болот. Курск менен Белгородго жасаган чабуул жоопсуз калбайт", — деген Слуцкий.

Ал Киевдин мындай аракеттери Россиянын Украинада атайын операция жүргүзүү зарылдыгын тастыктай турганын белгилеп, жоопкерчилик Киевге эле эмес, анын Батыштагы колдоочуларына да жүктөлүшү керектигине токтолгон.
Ал арада РФ Тергөө комитети Белгородду аткылоодон улам эки киши дайынсыз болуп жатканын маалымдап, "Киши өлтүрүү" жана "Кылмышка даярдык көрүү" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгонун билдирди.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Украинадагы жаңжал НАТО өлкөлөрүн үч лагерге бөлүп койду