Карындашынын намысын коргоп, асылган кишини атып салган адам эки айга камалды

Агасы карындашын кордоп жаткан кишини газ-травматикалык тапанча менен атып жиберген. Ал алган жараатынан улам Тез жардам келгенге чейин каза болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Токмокко жакын жерде карындашынын намысын коргоп, ага асылган кишини атып салган адам эки айга камакка алынды. Мындай чечимди Чүй райондук соту кабыл алганын облустук соттон кабарлашты.
Айыпталуучу №1 тергөө абагына киргизилген.
Эскерте кетсек, каргашалуу окуя 1-июль күнү болгон. Аялдамада турган 33 жаштагы аял эртең менен саат 7:45те өтүп бараткан машинаны тосуп ичине отурган. Рулдагы 47 жаштагы И.Р. аттуу айдоочу бир аз жүргөндөн кийин эле автоунаасын жол четине токтотуп аялга асыла баштаган.
Аял эптеп качып чыккандан кийин агасына телефон чалып баарын айтып берген. Андан соң ошол эле жерде жүргүнчү түшүрүп жаткан унаага барып отурган. Бирок И.Р. анын артынан кууп барып, машинанын астын тороп токтотуп эч бир себеби жок эле аялды уруп-согуп, чачынан тартып сыртка чыгарууга аракет кылган. Ошол учурда агасы келип калып карындашын кордоп жаткан кишини газ-травматикалык тапанча менен атып жиберген. Ал алган жараатынан улам Тез жардам келгенге чейин каза болгон.
Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, карындашын коргогон 36 жаштагы киши Токмок шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу.
Ошто сууга чөккөн кыз-жигиттин сөөгү табылды. Окуянын чоо-жайы