Караколдо Татарстандан келген артисттердин коштоосунда сабантуй өттү. Сүрөт

Сабантуй — татар жана башкырлардын жазгы талаа иштеринин бүтүшүнө арналган элдик майрамы.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Караколдо "Татулык" коомдук бирикмесинин жана Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен сабантуй улуттук майрамы өткөрүлдү. Бул туурасында Россиянын дипломатиялык өкүлчүлүгү маалымдады.
1 / 5

Караколдо "Татулык" коомдук бирикмесинин жана Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен сабантуй улуттук майрамы өткөрүлдү

2 / 5

Иш-чарага шаар мэриясынын өкүлдөрү жана Татарстандан келген чыгармачыл топтун артисттери катышты

3 / 5

Келген коноктор үчүн концерт, көңүлдүү конкурстар, викториналар жана жарманке уюштурулду

4 / 5

Ошондой эле Караколдун тургундары спорттук мелдештерге дагы чыгышкан

5 / 5

Сабантуй — татар жана башкырлардын жазгы талаа иштеринин бүтүшүнө арналган, жыл сайын өтчү элдик майрамы.

Иш-чарага шаар мэриясынын өкүлдөрү жана Татарстандан келген чыгармачыл топтун артисттери катышты. Келген коноктор үчүн концерт, көңүлдүү конкурстар, викториналар жана жарманке уюштурулду. Ошондой эле Караколдун тургундары спорттук мелдештерге дагы чыгышкан.
Сабантуй — татар жана башкырлардын жазгы талаа иштеринин бүтүшүнө арналган, жыл сайын өтчү элдик майрамы.
Каракол шаары КМШнын маданий борбору макамын алды. Салтанаттан видео