Радио

Жакшылыков: гроссмейстер наамын алууга болгон күчүмдү жумшайм

Шахмат боюнча өспүрүмдөр арасында Батыш Азиянын абсолюттук чемпиону, Кыргызстандын көп жолку чемпиону Эржан Жакшылыков өлкө атынан гроссмейстер болууга аракет көрүп жаткандыгын айтты.
Sputnik
Кыргызстанда ушул жылдын март айынан тарта "Гроссмейстер" долбоору жүрүп, өзбекстандык гроссмейстер Марат Жумаев келип таланттуу жаш шахматчыларга тажрыйбасы менен бөлүшүүдө. Бул тууралуу Эржан Жакшылыков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, долбоордун жүрүшүндө туура машыгуу, тактика, стратегиялык ыкмаларды колдонуунун өзгөчөлүктөрүнө көңүл бурулууда.
"Мен шахмат боюнча Кыргызстандын өспүрүмдөр арасындагы чемпионатында жети жолу чемпион болгом. Мындан тышкары, 16-23-июнда Мальдив аралдарында өткөн Батыш Азия чемпионатында шахматтын үч түрүнөн жеңип, абсолюттук чемпион болууга жетиштим. Кыргызстанда ушул жылдын март айынан тарта Кыргыз шахмат союзу "Гроссмейстер" долбоорун баштап, өзбекстандык гроссмейстер Марат Жумаевди чакырып, ал таланттуу жаш шахматчыларга тажрыйбасы менен бөлүшүп жатат. Мен да ушул долбоордун катышуучусу болуп, жөндөмдөрүмдү жакшыртуудамын. Учурда менде Эл аралык шахмат федерациясынын (FIDE) чебери наамы бар. Эми өлкө атынан эң жогорку гроссмейстер наамын алууга болгон күчүмдү жумшайм", — деди Жакшылыков.
Ошондой эле спортчу шахмат менен машыккан балдардын саны жылдан-жылга өсүп, атаандаштык жакшыра баштаганын кошумчалады.