Египетте эки күн ичинде эки аял акулага жем болду

1-июль күнү Сахл-Хашиш курортунун аймагынан акула австриялык туристке кол салган. Бир колу менен бутунан ажыраган аял көз жумган болчу. Кийинчерээк дагы бир окуя тууралуу маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Египеттин Айлана-чөйрө министрлиги Хургада районунда акуланын дагы бир курмандыгы тууралуу билдирүү таратты. Адистер керектүү маалыматтарды чогултуп жатканын РИА Новости жазды.

"Айлана-чөйрө министри Ясмин Фауд акуланын Сахл-Хашиш курортунун аймагында сууга түшүп жүргөн эки аялга кол салышынан кабардар болгондон кийин Кызыл деңиз коругунун адистеринен турган жумушчу топ түзүүнү тапшырды", — деп айтылат маалыматта.

Жума күнү ушул эле курорттун аймагынан акула австриялык туристке кол салып, бир колу менен бутунан ажыраган аялдын көз жумганы айтылган.
Кызыл деңиз провинциясынын губернатору кырсык болгон жерде деңизге байланышкан иштердин баарын токтотууга буйрук берди.
Ак акулалардын жанданышы бир нече жылдан бери айтыла элек болчу. Акыркы ирет 2010-жылы Шарм-эш-Шейх курорттук шаарынын аймагынан эс алуучуларга акуланын кол салган беш учуру катталган. Анда Германиянын бир жараны каза таап, төрт россиялык, бир украиналык турист жаракат алган. Мындан улам курорттук пляждарды убактылуу жаап турууга туура келген.
Акулага жем болгон киттин баласы. Аянычтуу видео