Чылымды көп чеккендердин кээ бирлеринде рак кооптуулугу жаралбайт. Себеби

Адистер тамекини өмүрүндө оозуна албаган 14 жана чегип жүргөн 19 кишинин өпкөсүнө байкоо салышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Чылымды көп чеккен кээ бир адамдардын өпкө рагынан коргой турган ишенимдүү механизмдери болушу мүмкүн. Бул тууралуу окумуштуулар иликтегендигин Brighter Side жазган.
Илимпоздор эки типтеги адамдардын өпкөсүнүн таза клеткасынын мутацияланган ландшафтын салыштырган. Алар тамекини өмүрүндө оозуна албаган 14 жана чегип жүргөн 19 киши болгон. Бул өпкөнүн клеткалары он жылдап жашап жүрө берип жаш өткөн сайын деле же тамекини көп чеккен сайын деле мутацияланып, топтоло берерин айтышкан. Башкаларга караганда алардын рактын өнүгүшүнө жакын дешкен.
Эксперимент чылым чегүү мутацияны чакырарын далилдешкен. Башка окумуштуулардын да изилдөөсү кызыктуу болуп чыккан. Клеткалардын мутацияланган санынын көбөйүшү тамеки чеккен жылдарга пропорциялуу болуп жүрүп отурган. Клеткалардын мутацияланышы 23 жыл бою өз ара байланышта болгондон кийин токтогон. Ошентип, чылымды көп чеккендерде жогорудагыдай клеткалардын топтолушу андан ары уланган эмес.
"Бул бир катар адамдардын жабыркаган ДНКсынын калыбына келүү же чылым түтүнүнөн тазалануу системалары болушу мүмкүндүгүнөн кабар берет", — деп жазылган маалыматта.
Окулист күндөн коргоочу көз айнек тууралуу кызыктуу фактыларды айтып берди