Чүйдө бодо мал кырылып, Айыл чарба министрлиги себебин түшүндүрдү

Буга чейин интернетке өлүп жаткан малдын видеосу тараган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Чүй облусунун Москва районуна караштуу Ак-Суу айыл аймагында бодо мал кырылды. Маалыматты Sputnik маалымат агенттигине Айыл чарба министрлиги тастыктады.
Буга чейин ЖМКларда жана социалдык тармактарда өлүп жаткан малдын видеосу тараган.
Айыл чарба министрлиги көрсөтүлгөн белгилер боюнча бодо малда лептоспироз ылаңы болушу мүмкүндүгүн билдирди.
"Москва райондук ветеринардык башкармалыгынын адистери эпизоотиялык иликтөөнүн жыйынтыгын алуу үчүн Москва районундагы Кара-Суу жайлоосунда ветеринардык-санитардык иш-чараларды жүргүзүп жатат", — деп жазылган маалыматта.
Лептоспироз — курч түрдө өтүүчү илдет. Анын жаратылышта очогу бар, көбүнчө жаныбарга суу аркылуу жугат. Малда уулануу дене табынын көтөрүлүшү, бөйрөктүн, боордун жана булчуңдун оорушу менен коштолот.
Айыл чарба министри кунарсыз жана асылдуу жайыттын айырмасын көрсөттү. Видео