Байден май куюучу жайдын ээлеринен бензинди арзандатууну талап кылды

Америкада бензиндин баасы мартта рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Майда кайрадан рекордду жаңылап, июнда бир галлону 5 доллардан ашты.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. АКШнын президенти Жо Байден Twitter баракчасы аркылуу май куюучу жайлардын ээлеринен бензинди арзандатууну талап кылды.
Мамлекет башчы компанияларга кайрылуусунун себебин кырдаалга, согушка жана глобалдык коркунучтарга байланыштырган.
РИА Новости билдиргендей, Байден буга чейин АКШда бензиндин баасын төмөндөтүүгө багытталган, тагыраагы, күйүүчү майдын салыгын алып салуу боюнча бир катар сунуштарды киргизген.
Америкада бензиндин баасы мартта рекорддук көрсөткүчкө жетти. Майда кайрадан рекордду жаңылап, июнда бир галлону (3,785 литр) 5 доллардан ашкан. Бир нече ай мурун 2,38 доллар, андан кийин 3,1 доллар болгон.
Батыш өлкөлөрү Украинада атайын операция башталгандан кийин Россияга каршы санкциялык кысымын күчөттү. Европада Россиянын энергия булактарынан баш тартууга чакырыктар күчөдү. Бирок жеткирүүнүн үзгүлтүккө учурашы Европа менен АКШда көйгөйлөргө, биринчи кезекте азык-түлүккө жана күйүүчү майга болгон баанын көтөрүлүшүнө алып келди. Кремль бул санкцияларды экономикалык согуш деп атап келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Батыш эли Украинага жардам берүүдөн чарчай баштады