Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Батыш эли Украинага жардам берүүдөн чарчай баштады

Буга чейин АКШнын президенти Жо Байден 50 өлкө Украинага аскердик жардам берерин убада кылганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Расмий Киевди колдогон Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери өз жарандары жакын арада Украинадагы окуялардан чарчап, нааразы боло башташат деп чочулай баштады. Бул тууралуу Politico басылмасындагы макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Батыш лидерлери өз жарандары жакында күрөштү улантуудан тажап, нааразычылыгын билдире баштайт деп тынчы кетүүдө. Мисалы, Эстониянын премьер-министри Кая Каллас "согуштан чарчагандык бардык жерде байкалууда" деп айтууда. Ал Украинаны колдоону улантуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи, бирок ошол эле учурда жогорку инфляцияга, энергетикалык кризиске жана коронавируска дагы көңүл буруу керектигин кошумчалады", — деп жазылат макалада.
Буга чейин АКШнын президенти Жо Байден 50 өлкө Украинага аскердик жардам берерин убада кылганын айткан. Мисалы, Евробиримдик бир миллиард евро өлчөмүндө каржылык жардам көрсөтүүгө ниеттенүүдө.
АКШ менен Россиянын аскерлери кайсы өлкөдө кагылыша кетиши мүмкүн?