Россия дан, жем жана күн карама майы үчүн бажы пошлинасын рублга өткөрөт

Экспорттук алымдарынын эң жогоркусу күн карама майыныкы — тоннасына 82,5 миң рубль.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Россия өкмөтү дан, күн карама майы жана концентрацияланган тоюттан экспорттук бажы алымдарды доллар эмес, рублге которуу тууралуу токтомду бекитти. Бул тууралуу Ura.ru жазды.
"Буудайга экспорттук пошлиналарды эсептөөнүн базалык баасы 200 доллардын ордуна 15 миң рубль, арпа жана жүгөрү үчүн 185 доллардын ордуна 13 875 рубль деп белгиленет", — деп айтылат токтомдо.
Тоют үчүн пошлина тоннасына 13 875 сом өлчөмүндө белгиленген. Күн карама майынын экспорттук алымдары эң жогору болот – тоннасына 82 500 рубль.
Буга чейин Евробиримдиктин Тышкы иштер боюнча кеңеши "Евробиримдиктин чектөөлөрү Россиядан айыл чарба товарларын ташууга тиешеси жок, ошондой эле Россиядан үчүнчү өлкөлөргө үрөн экспорттоого болот деп айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Элчи Антонов Россияга каршы жаңы санкциялар боюнча оюн айтты