Россия 47 миң кыргызстандыкты "кара тизмеден" чыгарды

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын дагы канча жараны "кара тизмеде" бар экенин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Россия мурда майда мыйзам бузууларга барган 47 миң кыргызстандыкты "кара тизмеден" чыгарды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
"Бул май айындагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ишке ашты", — деп айтылат билдирүүдө.
Ушул тапта Россиянын "кара тизмесинде" 35 миң кыргызстандык калууда. Алардын арасында соттун чечими менен өлкөдөн чыгарылгандар да бар.
Радио
Өмүрбекова: ЕАЭБ жарандары мүчө өлкөлөрдө ишке орношууда укугу бирдей