Баш мыйзамдагы өзгөрүүгө каршы эл Өзбекстанда нааразылыкка чыкты

Каракалпакстандын бир катар жашоочулары базарда мыйзамсыз демонстрацияга чыкты деп айтылды. ИИМ тараптан "күч жана каражаттар" колдонулгандыгы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Нукуста (Каракалпакстан Автономиялуу Республикасында) Баш мыйзамга киргизилген түзөтүүлөрдөн улам мыйзамсыз демонстрация өткөн. Бул тууралуу РИА Новости Өзбекстан ИИМине шилтеме кылып кабарлады.
"1-июлда Каракалпакстандын бир катар жарандары Конституция боюнча реформаны туура эмес түшүнүп алып Нукус шаарында мыйзамсыз жүрүш уюштурган. Коомдук тартипти сактоо максатында жана базардын ичинде жарандардын тартип бузууларына жол бербеш үчүн тартип сактоо органдарынын күчтөрү менен каражаттары пайдаланылды", — деп айтылган маалыматта.
ИИМ коомдук тартип жеринде калыбына келтирилип, мыйзамды бузууга болбой турганы жарандарга түшүндүрүлдү, андан сырткары алардын кайрылуулары тийиштүү тартипте каралды деген таризде билдирүү таратты.
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев өткөн жумада Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген референдум өткөрүүнү сунуштаган. Буга чейин ал 2022-жылдын декабрына карата Конституцияны жаңылоо демилгеси менен чыккан. Июндун соңунда мыйзам долбоорун мыйзам чыгаруу палатасы биринчи окууда колдогондон соң, жалпы элдик талкууга коюш үчүн текстин жарыялашкан.
Парламенттин чечиминен улам долбоор 4-июлга чейин жалпы элдик талкууга коюлат да, андан соң аны референдумга алып чыгышат. Демилгеде Баш мыйзамдын 64 беренесине 200 өзгөртүүнү киргизүү каралган. Каракалпакстан Конституцияда референдумдун негизинде өлкөнүн аймагынан чыгып кете алган суверендүү республика катары каралган. Конституциялык реформада бул жобону алып салуу туурасында айтылган. Сунушталган өзгөртүүлөрдүн ичинде Өзбекстан президентинин ыйгарым укугун бештен жети жылга чейин узартуу, өлүм жазасына, жаранды башка мамлекетке өткөрүп берүүгө тыюу салуу сыяктуу учурлар бар.
1992-жылы кабыл алынган Өзбекстандын азыркы Конституциясы 128 беренеден турат жана ага 15 жолу өзгөртүү киргизилген.
Казакстан: Конституцияны өзгөртүүгө шайлоочулардын 77,18%ы макул болду