БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Нукуста (Каракалпакстан Автономиялуу Республикасынын борбору) башаламандыкты уюштурган топ кармалды, алар аймактагы бийлик органдарын басып алууга аракет кылышкан. Мындай маалымат Каракалпакстан ИИМи менен өкмөтүнүн, парламентинин биргелешкен билдирүүсүндө айтылганын РИА Новости жазган.
ИИМ буга чейин мыйзамсыз демонстрацияга Баш мыйзамга киргизилет деп пландалып жаткан өзгөртүүлөр себеп болгону айтылган.
"Массалык башаламандыкты уюштурган топ менен бир катар адамдар кармалды, алар тартип сактоо органдарына каршылык көрсөтүшкөн. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", — деп айтылган маалыматта.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, элдин топтолушуна таянган чагымчылдар мындай жол менен "Өзбекстандагы коомдук-саясий абалды дестабилдештирип, коомчулукту бөлүп-жарууга" ниеттенип, мамлекеттик органдарды басып алууга аракет кылышкан.
"Мындай шартта сырттан ниети жаман күчтөр Каракалпакстандагы кырдаалдын күчөп кетишине таасир этип жатканы, окуялардын жүрүшү боюнча бурмалап, атайылап, максаттуу түрдө маалыматтарды таратып жатышканы да тынчсыздандырбай койбойт", — деген маалымат таратышты.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өткөн жумада Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген референдум өткөрүүнү сунуштаган. Буга чейин ал 2022-жылдын декабрына карата Конституцияны жаңылоо демилгеси менен чыккан. Июндун соңунда мыйзам долбоорун мыйзам чыгаруу палатасы биринчи окууда колдогондон соң, жалпы элдик талкууга коюш үчүн текстин жарыялашкан.
Парламенттин чечиминен улам долбоор 4-июлга чейин жалпы элдик талкууга коюлат да, андан соң референдумга алып чыгышат. Демилгеде Баш мыйзамдын 64-беренесине 200 өзгөртүүнү киргизүү каралган. Каракалпакстан Конституцияда референдумдун негизинде өлкөнүн аймагынан чыгып кете алган суверендүү республика катары каралган. Конституциялык реформада бул жобону алып салуу туурасында айтылган. Сунушталган өзгөртүүлөрдүн ичинде Өзбекстан президентинин ыйгарым укугун бештен жети жылга чейин узартуу, өлүм жазасына, жаранды башка мамлекетке өткөрүп берүүгө тыюу салуу сыяктуу учурлар бар.
1992-жылы кабыл алынган Өзбекстандын азыркы Конституциясы 128 беренеден турат жана ага 15 жолу өзгөртүү киргизилген.