БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Тибеттеги мөңгүлөрдөн 968 байыркы микроорганизмдерди табышты, алар жаңы пандемияга себепкер болушу мүмкүн. Бул тууралуу Lives Cience жазган.
Изилдөөчүлөр Азия менен Гималайдын аймагында тоолуу деп эсептелген жерлердин бири — Тибет тайпак тоосундагы муздардын үлгүсүн алышкан. Алар микроскоп аркылуу гана көрүнө турган эң эле майда организмдердин ДНКсын изилдеп, көп маалыматтардын топтомун жаратышкан. Булар негизинен бактериялар, суу алдындагы өсүмдүктөр, археялар, козу карындар болгон. Табылган түрлөрдүн 98 пайызы илим үчүн жаңы кездешкени аныкталган. Адистер аларга канча жыл болгондугун да так айта алган эмес.
Маалыматта мурдагы изилдөөлөрдө муз алдында он миң жылдап жаткан бактериялар да кайрадан жанданып кетиши мүмкүндүгү кабарланган.
Мөңгүдө жаткан микробдук таңгалычтуу ар кыл организмдер глобалдык жылуулуктун тез темпи менен аралашып, кооптуу бактериялар жайылып кетиши мүмкүн. Эксперттер бул адамзатка коркунуч жаратып, зыянын тийгизүү ыктымалдыгы бар деп коңгуроо кагышкан.