БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Бишкекте кыргыз-казак медиа өкүлдөрүнүн футболдук командалары беттешет. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков билдирди.
Оюн 5-июль күнү саат 18:00дө Dordoi стадионунда өтөт. Кыргызстандын командасы "Top team KG", Казакстандыкы "One game" деп аталат.
Футболдук турнир министрликтин "Келечек" улуттук платформасынын колдоосу менен өтүүдө.