Жыл башынан бери КРге импорттолгон жеңил автоунаанын саны үч эсеге өстү

Жалпысынан төрт ай ичинде Кыргызстанга 26 өлкөдөн автоунаалар алып келинген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Кыргызстанга жеңил автоунаалардын импорту бир нече эсеге өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматынан көрүүгө болот.
Үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында 9 миң 499 автоунаа алып келинсе, өткөн жылдын ушул мезгилине карата өлкөгө болгону 3,2 миң машина кирген.
Унаалар кайсы өлкөлөрдөн алып келинген (жылдын биринчи төрт айынын маалыматтары):
Грузия – 3 237;
Россия – 1 950;
Түштүк Корея – 1 823;
АКШ — 844;
Литва — 534;
Япония – 392;
Казакстан – 240;
Кытай – 236;
БАЭ — 65;
Канада — 46;
Германия — 44;
Түркия — 26;
Беларусь — 24;
Армения — 12.
Дагы 12 мамлекеттен бирден бешке чейин гана унаа импорттолгон.
Өткөн жылдын январь-апрель айларында эң көп унаа Россиядан (1 540) жана Түштүк Кореядан (781) келген.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда Абхазиянын номери менен жүргөн автоунаалар дагы аз эмес. Бирок Кыргызстан Абхазиянын Грузиядан көз карандысыздыгын тааныбайт.
Адилетсиз баа. Депутат унаа терезесин караңгылатуу акысын өзгөртүүнү сунуштады