Чет элдик студент-диний миссионерлердин мыйзамсыз иштери токтотулду. Сүрөт

Кыргызстандагы окуу жайлардын жетекчилигине чет элдик студенттерди мыйзамсыз диний иштерге тартуунун алдын алуу максатында түшүндүрүү жүргүзүү зарылдыгы эскертилген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Медициналык окуу жайлардын Индия, Пакистан жана Бангладеш жарандарынын 10 студенттен турган тобунун Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органда (ДИМК) каттоосу жок, Бишкек шаарынын аймагында миссионердик кылганы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
ДИМК менен биргеликте текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлүп, каттоого алынган.
"УКМК чет өлкөлүк жарандарды Кыргызстандын аймагында жүргөндө мамлекеттин улуттук мыйзамдарынын талаптарын сактоого чакырат. Ошондой эле окуу жайлардын жетекчилигине чет элдик студенттерди мыйзамсыз диний иштерге тартуунун алдын алуу максатында түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин жүргүзүүнү сунуштайт", — деп айтылган маалыматта.
УКМК: Сириядагы согушка барууга азгырган чет элдиктер кармалды