Бишкектин кээ бир жерлеринде беш, Жалал-Абадда эки күн газ болбойт

"Газпром" утурумдук ыңгайсыздыктар үчүн шаардыктардан кечирим сураган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Бишкектин кээ бир жерлеринде беш күн, Жалал-Абаддын бир бөлүгүндө эки күн газ болбойт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" компаниясынан билдирди.
Кээ бир тилкелерде күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүү үчүн оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканы айтылды.
4-8-июлда Бишкектин төмөнкү жерлеринде көгүлтүр от өчөт:
Жибек Жолу проспектисинин, Махатма Ганди, Курманжан датка көчөлөрүнүн тилкелеринде жана Чоң Чүй каналынын аймагында;
Орозбеков, Боталиев, Щербаков, Мусоргский көчөлөрүнүн тилкелеринде жана "Синьболун" ЖЧКсынын аймагында.
6-7-июлда Жалал-Абадда төмөнкү аймактарда газ өчөт:
Осмонов, Шопоков жана Куч көчөлөрүндө.
"Газпром Кыргызстан" утурумдук ыңгайсыздыктар үчүн шаардыктардан кечирим сураган.
Бишкекте айрым үйлөрдө газ айтылгандан эрте өчүрүлдү. "Газпром" себебин айтты