Аламүдүндө Чу дарыясына автоунаа кулап, эки киши каза болду. Сүрөт

Сууга түшүп кеткен автоунааны кургакка чыгарып, ичинен сөөктөрдү алып чыгууга ошол аймактагы чек арачылар да жардам берген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Чүй облусундагы Аламүдүн районунда автоунаа сууга кулап, эки киши каза болду. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлады.
Кырсык кечээ кечинде болгон.
Маалыматка караганда, айдоочу рулду башкара албай калып, болжол менен кечки саат тогуздарда Карл Маркс айылында Тоуоta Corolla Чу дарыясына кулаган.
Кырсыктын кесепетинен автоунаанын ичиндеги 65 жаштагы М.Г. жана 41 жаштагы Ж.А. аттуу эки жаран каза болгон. Ошондой эле 70 жана 50 жаштагы эки аял жабыркаган.
Куткаруучулар кырсык болгондон кийин болжол менен 17 мүнөттө барган.
"Октябрь айыл өкмөтүнүн экскаватору менен дарыяга түшүп кеткен Тоуоta Corolla автокөлүгү чыгарылган. Аларга ошол аймактагы Чек ара кызматынын кызматкерлери да жардамдашкан. Каза болгон экөөнүн сөөгүн алып чыгарышып, милицияга өткөрүп беришкен", — деп билдирди ӨКМден.
Ал эми жабыркаган эки аялды Тез жардам ооруканага алып кеткен.
Айдаркендеги автокырсык: көз жумгандардын экөө ӨКМ кызматкери болуп чыкты