Жалал-Абадда дагы тез татымдан 14 адам ууланып ооруканага түштү

Капельница даярдап жаткан дарыгер. Архив
27-июнь күнү "Ага-ини" тез татым даярдоочу жайдан 40 адам ууланган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында кайрадан уулануу фактысы катталып, 14 адам ооруканага түштү. Маалыматты Жалал-Абад райондор аралык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Рома Ураимов тастыктады.
Анын айтымында, калаадагы Тадж-Махал тез татым даярдоочу жайынан тамактанган 14 адам ууланып ооруканага кайрылган. Алардын бири Өзгөн районунун жашоочусу жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Эске салсак, 27-июнь күнү дагы "Ага-ини" тез татым даярдоочу жайынан тамак жеген 40 адам ууланган. Учурда алардын 28и ооруканада болсо, 12си үй шартында дарыланып жатышат. Тез татым жайы жабылып, ээсине 7,5 миң сом айып салынган.
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов. Архив
Оштун мэри "Манас ата" кафесинин иши боюнча кызматкерлерге каарын төктү. Видео