Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШнын экс-мамлекеттик катчысы: Украинадагы жаңжал үч жол менен бүтүшү мүмкүн

Америкалык адис божомолунда Батыш жеңишке жетет деген пикирин билдирген эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Украина кризиси үч башка жол менен аякташы мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Генри Киссинджердин Spectator журналына берген маегине шилтеме кылып РИА Новости жазды.
Анын пикиринде, биринчи сценарий боюнча Россия Донбасстын көпчүлүк бөлүгү болгон өнөр жай жана айыл чарба аймактарын, ошондой эле Кара деңиздин жээгиндеги тилкесин көзөмөлгө алат. Мында Москва жеңди деп эсептелип, НАТО чечүүчү ролду ойнобой калат.
"Экинчи вариантта Россияны Крымдан сүрүп чыгаруу аракети болуп, бул нерсе жаңжалдын курчушуна алып келиши мүмкүн. Үчүнчү сценарий боюнча кырдаал кайрадан 24-февралга чейинки абалына кайтат. Анда тараптар чечим кабыл алуу маселесин кийинкиге жылдырып коюшу ыктымал", — деди АКШлык саясатчы.
Россия 24-февралдан бери Украинада атайын операциясын жүргүзүп жатат. РФтин Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, орус армиясы биринчи этаптын негизги тапшырмаларын аткарып бүттү. Анын негизги максаты Донбассты бошотуу болчу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Огу тийген жер соо калбайт. Атайын операциядагы кубаттуу куралдын видеосу