Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Огу тийген жер соо калбайт. Атайын операциядагы кубаттуу куралдын видеосу

Огнемёттук тутумдун ишин жөндөө пилотсуз учуучу техниканын жардамы менен жүргүзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Россиянын Коргоо министрлиги ТОС-1А "Солнцепёк" оор огнемёттук тутумунун кантип иштеген видеону таратты.
Айбаттуу куралдын согуш талаасында ок чачкан кадрларын SputnikLive Telegram-каналы жарыялады.
Аскерлер бул техника менен Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аймактарына сокку урган. Көзөмөл жана анын ишин жөндөө пилотсуз учуучу техниканын жардамы менен жүргүзүлгөн.
ТОС-1А "Солнцепёктун" соккусунан окоп менен блиндажга жашынып аман калууга мүмкүн эмес. Термобардык аралашма абага чачырайт да, кубаттуу басымдын алдында температурасы 3000 градуска чыгып 200 килограммдык снаряд жарылганда тийген жерин соо калтырбайт. Адистердин мындай ысыктан болот калканычтар да эрип түшөрүн айтканы бар.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Айбаты көктү жарып. Украинада колдонулган "Искандердин" видеосу