Садыр Жапаров бир катар ишкерлерге мамлекеттик сыйлык тапшырды. Тизме

Үч ишкерге ардак грамота, алтооно алкыш баракчасы берилди.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Салык кызматкеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада ата мекендик ишкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоого олуттуу салым кошкондугу үчүн КРдин Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:
"Atalyk Group" ("Аталык Групп") жабык акционердик коому;
"БИОВИТ" жоопкерчилиги чектелген коому;
"ТЕКСТИЛЬ ТРАНС" (TEXTILE TRANS) жоопкерчилиги чектелген коому.
Президенттин атынан алкыш жарыяланган ишкерлер:
Эгембердиев Кайрат Таабалдыевич — "Шоро" жабык акционердик коомунун башкы директору;
Шалюта Александр Васильевич — "Кайыңды Кант" ачык акционердик коомунун башкы директору;
Ирсалиев Нияз Рахатбекович — "Тегирменти Гидроэлектростанциялары" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;
Кокоев Кайрат Абдилбаитович — "Кыргыз каганат" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;
Капаров Санжар Нуралиевич — "Кант ТШП" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;
Акаев Канатбек Ергешбаевич — "БАРБОЛ" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору.
Ташиев чек ара чырында жабыр тарткан аскерлер менен дарыгерлерди сыйлады