Россия КР ИИМине дрон жана мобилдик платформаларды тапшырды

Россия төрт жыл ичинде баңгиге каршы күрөшүү үчүн 1,1 миллион доллар бөлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бишкекте Кыргызстандын ИИМине учкучсуз учуучу аппараттар менен мобилдик платформалар тапшырылды. Бул тууралуу Россиянын КРдеги элчилиги билдирди.
1 / 3

Бишкекте Кыргызстандын ИИМине учкучсуз учуучу аппараттар менен мобилдик платформалар тапшырылды

2 / 3

Маалыматка караганда, бул аппараттар БУУнун баңги жана кылмыштуулук программасы боюнча башкармалыгынын фондуна ыктыярдуу түрдө каражат салган Россиянын эсебинен сатып алынган

3 / 3

Элчилик билдиргендей, иш-чарага ИИМ башчысы Улан Ниязбеков, РФ элчилигинин өкүлү Вадим Гусев жана БУУнун өкүлдөрү катышты.

Маалыматка караганда, бул аппараттар БУУнун баңги жана кылмыштуулук программасы боюнча башкармалыгынын фондуна ыктыярдуу түрдө каражат салган Россиянын эсебинен сатып алынган.
Элчилик билдиргендей, иш-чарага ИИМ башчысы Улан Ниязбеков, РФ элчилигинин өкүлү Вадим Гусев жана БУУнун өкүлдөрү катышты.
Россия төрт жыл ичинде баңгиге каршы күрөшүү үчүн 1,1 миллион доллар бөлгөн. РФ өкмөтү программаны 2023-жылга чейин узартып, кошумча 350 миң доллар бөлүү чечимин чыгарды.
Россия учкучсуз чабуулчу тик учактарын чыгарууну пландоодо