Радио

Атабаев: Кыргызстанда 3277 мечит бар

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысынын орун басары Самидин Атабаев өлкөдө мечиттерди каттоо иштери үзгүлтүксүз жүрүп жатканын айтты.
Sputnik
Учурда Кыргызстанда 3277 мечит бар. Бул тууралуу Самидин Атабаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мечиттердин 2890у каттоодон өтүп, тиешелүү күбөлүктөрүн алышкан.
"Мечиттерди каттоонун башкы талабы — өлкөдө дин саясатын жүргүзүүдө мыйзамдарга каршы келбеген кадамдар менен бирдей ырааттуу иш алып баруу. Ошондой эле мечитке келген жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында архитектуралык жактан да талаптар коюлган. Мисалы, имарат бышкан кыштан салынып, пайдубалы бекем болуусу шарт. Мындан сырткары, андагы имамдын ким экендиги, тиешелүү билими да текшерилип, ошол мечиттин иш алып баруусуна макулдугун билдирген 200дөн кем эмес жергиликтүү тургундардын кол тамгасы зарыл. Жогоруда саналган талаптардын баарына жооп берген мечиттерге муфтияттын коштоочу каты тиркелип, президенттин алдындагы дин иштер боюнча мамлекеттик комиссияга документтери жиберилет. Ал жактан дыкат текшерилген соң тиешелүү күбөлүк берилет. Учурда жалпысынан өлкөдө 3277 мечит болсо, алардын 490дон ашыгы каттоодон өтө элек", — деди ал.
Атабаев мурда жогоруда көрсөтүлгөн эрежелердин аткарылышын талап кылуу кыйынга турса, азыр президенттин тапшырмасы жана бардык тиешелүү органдардын катышуусунда жүрүп, мечиттерди каттоо иштери так жана тез аткарылып жатканын кошумчалады.