Оштон Ысык-Көлгө түз авиакаттам ачылды. Жумасына 6 жолу учат

Авиакаттамдар жайкы сезондо гана иштеп, сентябрда токтойт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Ош шаарынан Ысык-Көлгө түз аба каттамы ачылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, бүгүн, 1-июлда, "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна алгачкы учак Оштон 100 жүргүнчү алып келип, кайра 96 киши менен учуп кеткен.
Каттамды Tez Jet авиакомпаниясы тейлеп, жумасына алты жолу учат. Тагыраак айтканда, дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү.
Каттамдар жайкы сезондо гана иштеп, сентябрда токтотулат.
Россиянын эки шаарынан Ысык-Көлгө каттам ачылат. График