Оштун мэри "Манас ата" кафесинин иши боюнча кызматкерлерге каарын төктү. Видео

Мэр бүгүндөн баштап шаардагы бардык кафе-ресторандарды, май куюучу жайларды текшерүү тапшырмасын берди.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов "Манас ата" кафеси боюнча тиешелүү кызматтардын жана мекеме-ишканалардын жетекчилери менен чукул жыйын өткөрдү. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
"Бул коомдук тамактануу жайы тиешелүү документтери жок иштеп жаткан. Мындан улам кафе убактылуу жабылды", — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.
Калаа башчысы кол алдындагы кызматкерлерге каарын төгүп, убагында текшербегенин сынга алды.
"Кафе салынып жатканда бирөөңөр басып барбайсыңар, бүткөндөн кийин алгыла десем "бул сот менен чечилет" дейсиңер. Бир эле кафеники ачыкталып жатат, мындайдын канчасы бар бизде. Демек, баары эле мыйзамсыз курулган турбайбы. Бир дагы документи жок, суусун, светин бекер иштетип атса да таң калбайм. Сен эч нерсе кыла албайсың, бул эч нерсе кыла албайт деп бири-бириңерге эле түртүп жатасыңар, ким эмне кыла алат? Бул жакта анда эмне жүрөсүңөр?" — деп жинденген Мамбетов.
Ошондой эле мэр кафелерди жабыш эмес, баары мыйзамдуу иштесин деген талап коюлуп жатканын белгиледи.
Аны менен катар бүгүндөн баштап шаардагы бардык кафе-ресторандарда, май куюучу жайларда тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүү тапшырмасын берди.
Өзбекстандан 50 автобус келет. Оштун мэри Ташкенттин башчысы менен жолукту