БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Франциянын президенти Эммануэль Макрон америкалык кесиптеши Жо Байденди Россия мунайынын импортуна эмбарго жарыялоо боюнча оюнан кайтарууга аракет кылууда. Бул тууралуу New York Post басылмасынын баяндамачысы Стивен Хейворд өз макаласында жазды.
Анын пикиринде, болуп өткөн G7 саммити АКШнын 39-президенти Жимми Картердин учурунан берки эң начар жыйын болду. Журналист Байдендин катышуусундагы иш-чара жана 1979-жылы Японияда болгон жолугушууну бириктирген бир нерсе бар экенин айтты. Ал — Американын "акылдан тайган президенттери".
Ошентип, Байден Россия мунайынын баасын чектөө идеясын колдоп, ошол эле учурда Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн Батышка мунайды көбүрөөк жеткиргиле деп чакырык таштоодо.
"Ушул жумада Эммануэль Макрон Картердин бардык саясий каталарын кайталай турган президент Байден менен жай отуруп сүйлөшүүгө аракет кылды. Байдендин Сауд Арабияга сапарынын алдында (мунай өндүрүүнү көбөйтүү үмүтү менен бара жатат — ред.) Макрон ага саудиялыктар жана Перс булуңундагы башка ири өндүрүүчүлөр дээрлик максималдуу кубаттуулукта иштеп жатканын, ошондо дагы АКШга каалаган көлөмдө мунай бере албасын айтты", — деп жазылат макалада.
Басылманын автору АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Байденди "коомчулук алдында маскарапоз болуудан" куткарууга аракет кылганын дагы эске салды.
G7 өлкөлөрүнүн лидерлери (Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, АКШ, Франция жана Япония) 26-28-июндагы саммитте Россиядан энергияга болгон көз карандылыкты азайтуу ниетин ырасташты. Ошондой эле россиялык энергия булактарына болгон бааларды чектөөнү болжолдуу түрдө макулдашты.