Бишкекте майыптыгы бар адамдар үй талап кылып аянтка митингге чыкты. Сүрөт

Ал арада аянтта лотерея ойнотулуп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтында майыптыгы бар адамдар митингге чыкты.
1 / 3

Борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтында майыптыгы бар адамдар митингге чыкты

2 / 3

Ошол эле учурда аянтта "Чек талап кылып, байге утуп ал" лотереясынын алгачкы утушу өтүп жатат

3 / 3

Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышары күтүлүүдө

Ошол эле учурда аянтта "Чек талап кылып, байге утуп ал" лотереясынын алгачкы утушу өтүп жатат. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышары күтүлүүдө.
Митингдин катышуучулары бийлик аз камсыз болгон майыптыгы бар адамдарды жер тилкеси жана турак жай менен камсыздоону талап кылууда. Алар да татыктуу жашоого укуктуу экенин айтышууда.
"Ала-Тоо" аянтынын тегерек четин милиционерлер курчап турат. Жол түнкү саат 00:00гө чейин жабык болот.
Өкмөт үйүнүн алдында турак жай кооперативине каршы митинг өттү