Караколго КМШнын маданий борбору макамынын ыйгарылышына арналган концерт башталды

Иш-чара Каракол шаарынын борбордук стадионунда өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Каракол шаарына КМШ мамлекеттеринин маданий борбору макамынын ыйгарылышына байланыштуу расмий азем башталды.
Ага катышуу үчүн президент Садыр Жапаров, Россия президентинин атайын өкүлү Михаил Швыдкой келди.
Конокторго Кыргызстандын мыкты артисттеринин концерттик программасы тартууланат. Майрамдык маанайды КМШ өлкөлөрүнүн жаш музыканттары, престиждүү музыкалык сынактардын жеңүүчүлөрү, лауреаттары жана КМШ жаштар симфониялык оркестри тартуулашат.
РФ эл артисти Сергей Скрипка жетектеген Россиянын мамлекеттик симфониялык оркестри ойнойт. Салтанатка Түркмөнстандын мамлекеттик симфониялык оркестринин жетекчиси Расул Кылычев жана эл аралык конкурстардын лауреаты Константин Науменко да катышат.
Иш-чара Каракол шаарынын борбордук стадионунда өтүп жатат.
Интернет жылдызы Бегимай бүгүн да “Ынтымакта” ырдап, концерт аншлаг менен өттү. Видео