Швыдкой: Каракол КМШнын маданий борбору наамын алганына бактылуубуз

Борбордук стадиондо шаардын ардактуу статус алганына арналган концерт өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун башкармалыгынын тең-төрагасы Михаил Швыдкой Караколго КМШнын маданий борбору статусун ыйгаруу жөнүндө сертификатты калаа мэри Эрмат Жумаевге тапшырды.
Ал бүгүн "Каракол – КМШнын маданий борбору 2022" эл аралык программасынын ачылышында сүйлөдү.
"Каракол — ажайып жай, Кыргызстандын керемети. Кыргыздардын, орустардын, дунгандардын маданияты жуурулушкан жер. Бул шаарда 80 этнос жашайт. Бүгүн Караколдун 153 жылдык мааракеси. Биз Караколго КМШнын маданий борбору наамы ыйгарылганына бактылуу болуп турабыз. Бактылуу болуңуздар, жараткан баарыңыздарга ден соолук жана жыргалчылык тартууласын", — деди Швыдкой.
Караколдо быйыл бир катар маданий-гуманитардык иш-чаралар өтөт.
Жапаров "Каракол — КМШнын маданий борбору" программасына старт берди