Каракол — КМШнын маданий борбору. Майрамдык иш-чарага президент Жапаров катышат

Иш-чара УТРКда түз эфирде көрсөтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бүгүн, 1-июлда, Каракол шаарына КМШ мамлекеттеринин маданий борбору макамынын ыйгарылышына байланыштуу расмий азем өткөрүлөт. Ага президент Садыр Жапаров катышарын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Конокторго Кыргызстандын мыкты артисттеринин концерттик программасы тартууланат. Майрамдык маанайды КМШ өлкөлөрүнүн жаш музыканттары, престиждүү музыкалык сынактардын жеңүүчүлөрү, лауреаттары жана КМШ жаштар симфониялык оркестри тартуулашат.
РФ эл артисти Сергей Скрипка жетектеген Россиянын мамлекеттик симфониялык оркестри ойнойт. Салтанатка Түркмөнстандын мамлекеттик симфониялык оркестринин жетекчиси Расул Кылычев жана эл аралык конкурстардын лауреаты Константин Науменко да катышат.
Иш-чара Каракол шаарынын борбордук стадионунда өтүп, УТРК телеканалы түз алып көрсөтөт. Иш-чара саат 21:00дө башталат.
Радио
Истамбаев: Опера жана балет театры жайкы концерттердин циклин баштайт