Жапаров "Каракол — КМШнын маданий борбору" программасына старт берди

Программанын максаты — маданий карым-катнаштарды чыңдоо, өнөктөштүккө жана колдоого негизделген байланышты өркүндөтүү.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Каракол – КМШнын маданий борбору" эл аралык программасына старт берип, иш-чаранын расмий ачылышында сөз сүйлөдү.
Ал 2020-жылдын 18-декабрында КМШнын мамлекет башчыларынын кеңеши "Шериктештиктин маданий борборлору" мамлекеттер аралык программасын 2022-жылы Кыргызстанда ишке ашыруу боюнча чечим кабыл алганын белгиледи. Каракол шаары быйыл Шериктештиктин маданий борбору болуп жарыяланган. Мамлекет башчынын айтымында, бул чечимдин негизги максаты маданий карым-катнашты чыңдоо, өнөктөштүккө жана колдоого негизделген КМШга мүчө мамлекеттердин тарыхый жактан калыптанган байланыштарын сактоо жана аны өркүндөтүү болуп саналат.

"Каракол Кыргызстандын эң кооз шаарларынын бири экени талашсыз. Мекендештерибиз үчүн эле эмес, дүйнөнүн чар тарабынан келген чет элдиктер үчүн дагы туристтик мыкты шаар. Бул жерде туризм менен кол өнөрчүлүк активдүү өнүгүп жатат. Караколду "Шериктештиктин маданий борбору" программасына киргизүү өзүнүн имиджин жогорулатууга, эл аралык кадыр-баркын, ордун чыңдоого жана КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө жаңы импульс берет", — деди Жапаров.

Караколдо бир нече маданий-гуманитардык иш-чараларды өткөрүү пландалган.
Караколго КМШнын маданий борбору макамынын ыйгарылышына арналган концерт башталды