Баткен облусунун ишкерлик потенциалын ачуу, жергиликтүү калктын жашоосунун сапатын жакшыртууга шарт түзүү максатында чакан, ири инвестициялык долбоорлор каралып жатат. Бул тууралуу Нурадил Баясов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо боюнча атайын жолугушуулар байма-бай өтүп, макулдашуулар түзүлөт.
"Былтыр Баткен облусун өнүктүрүү боюнча өзгөчө макам ыйгарылгандан тарта ишкерлер, инвесторлор үчүн жакшы шарттар каралып, иш план бекитилген. Ага байланыштуу өткөн жылдын октябрь айында "Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү" инвестициялык форуму өткөн. Анда бир топ инвесторду алып келип, аталган аймактын мүмкүнчүлүктөрү, өзгөчөлүктөрү, шарттары менен тааныштырганбыз. Алсак, атайын салыктык-инвестициялык режим иштейт, облустун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жеңилдетилген жана акысыз негизде көрсөтүлөт. Буга байланыштуу Баткен дубанынын инвестициялык потенциалын арттыруу боюнча аракет көрүлүп, көңүл бурулууда. Учурда облустун ишкерлик потенциалын ачуу, жергиликтүү калктын жашоосунун сапатын жакшыртууга шарт түзүү максатында чакан, ири инвестициялык долбоорлор каралып жатат", — деди Баясов.
Ошондой эле адис инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында ЕАЭБдеги мүмкүнчүлүктөр да караларын кошумчалады.