Казакстандык министр: ЕАЭБди трансформациялоо зарылдыгы жаралды

Мухтар Тлеуберди Казакстан евразиялык интеграциянын активдүү колдоочусу деген пикирин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Санкциялык тоскоолдуктар Евразия экономикалык биримдигин (ЕАЭБ) трансформациялоону талап кылууда. Бул тууралуу Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеубердинин айтканын РИА Новости жазды.
Бүгүн Нур-Султанда өлкөнүн дипломатиялык кызматынын 30 жылдыгына арналган иш-чара өтүүдө.
"Санкциялык тирешүүлөр чыныгы эркин рынокту түзүү үчүн ЕАЭБдин ишмердүүлүгүн трансформациялоону талап кылууда. Бул нерсе биримдиктин экономикасынын өсүшү үчүн маанилүү", — деген Тлеуберди конференцияда сүйлөп жатып.
Министр Казакстан евразиялык интеграциянын активдүү колдоочусу экенин айтып, мунун арты менен Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ), Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) жана Евразия экономикалык биримдигинин негиздөөчүсү болуп калды деген пикирин билдирди.
Анын айтымында, Казакстандын КМШга 2022-жылдагы төрагалыгынын негизги багыты — мамлекеттердин туруктуу өнүгүүсүнүн негизги фактору катары экономикалык кызматташтыкты арттыруу.
Россия ЕАЭБ менен ЖККУнун алкагында кызматташууну кеңейтет