БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Чолпон-Атада "Азия-Тынч океан өлкөлөрү — Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан — Түркмөнстан — Азербайжан — Грузия — Түркия — Европа" эл аралык мультимодалдык коридорунун долбоорун илгерилетүү боюнча темир жол администрация башчыларынын алты тараптуу жыйыны өттү. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө мультимодалдык маршруттун аткарылышы талкууланып, жыйынтыгында аталган маршрутту өнүктүрүү боюнча бир катар протоколго кол коюлган.
"Жыл сайын өткөрүлүүчү жолугушуулардын тажрыйбасы көрсөткөндөй, каттамды өнүктүрүү долбоору өзүнүн чектерин кыйла кеңейтти. Ошондой эле темир жол администрацияларынын, логистикалык компаниялардын ортосундагы өз ара иштешүүнү арттыруу боюнча актуалдуу маселелерди чечүү үчүн натыйжалуу аянтча болуп калды", — деп кайрылды "Кыргыз темир жолунун" директору Азамат Сакиев.
Жыйынга Кыргызстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Грузиянын, Түркиянын темир жол башкармалыктарынын, ошондой эле Азербайжандын логистикалык компаниясынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышкан.
Белгилей кетсек, мультимодалдык коридор — кара жол жана темир жол транспортун бириктирген консолидация.