БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Борбор калаанын мурдагы башкы архитектору А.К.К кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.
Бул инициалдарга "Бишкек башкы архитектурасынын" мурдагы жетекчиси Анарбаев Канат Күчүкбаевичтин аты-жөнүнүн баш тамгалары туура келүүдө. Аткаминер 24-июнда кызматтан алынган. Жетекчи борбор калаадагы көп кабаттуу үйлөрдү жана административдик имараттарды долбоорлоодо жана курууга уруксат берүүдө кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын көздөгөн деп шектелүүдө.
"Ал курулуш компаниялар менен сүйлөшүп алып кылган аракеттерден улам коопсуздук эрежелерин сактабаган башаламан курулуштар көбөйдү", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Ошондой эле атайын кызмат курулуш компаниялары "Бишкек башкы архитектуранын" кызматкерлеринин жардамы менен жер тилкесин рейдерлик кылып басып алуу фактысы бар экени кошумчалады.